an online Instagram web viewer

Photos and videos by @turmush.kg on instagram

Images and videos posted by #turmush.kg

Жалал-Абад шаардык соту 5 адамдын өмүрүн алган Бишкек—Ош жолундагы кырсык боюнча соттолгон жарандын кылмыш ишинин материалдарын карап чыкты.

Анда ЖАМКтын №26 мекемесинин башчысы Жалал-Абад облустук соттун коллегиясынын 2017-жылдын 10-мартындагы чечимин жаңы кырдаалдарга байланышуу кайра карап чыгууну сунуштаган.

Маалым болгондой, соттолуучу — Алай районунун 1989-жылы туулган тургуну Кудрет [К.К. аты өзгөртүлдү], орто билимдүү, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт, 2017-жылдын 25-январынан бери камакта.

Кара-Көл шаардык сотунун 2017-жылдын 25-январындагы чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен жана 2 жылга транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратылган.

Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясы биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Соттун чечими даттанууга жатпай тургандыгы белгиленип, өкүм күчүнө киргизилген.

Кудрет 2016-жылдын 13-сентябрында Бишкек—Ош жолунун 377-чакырымында орун алган жол кырсык боюнча айыпталган. Анда «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынан Бишкек шаарына бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, айдоочу рулга ээ боло албай калган.

Уландысы стористе
Жалал-Абад шаардык соту 5 адамдын өмүрүн алган Бишкек—Ош жолундагы кырсык боюнча соттолгон жарандын кылмыш ишинин материалдарын карап чыкты. Анда ЖАМКтын №26 мекемесинин башчысы Жалал-Абад облустук соттун коллегиясынын 2017-жылдын 10-мартындагы чечимин жаңы кырдаалдарга байланышуу кайра карап чыгууну сунуштаган. Маалым болгондой, соттолуучу — Алай районунун 1989-жылы туулган тургуну Кудрет [К.К. аты өзгөртүлдү], орто билимдүү, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт, 2017-жылдын 25-январынан бери камакта. Кара-Көл шаардык сотунун 2017-жылдын 25-январындагы чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен жана 2 жылга транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратылган. Жалал-Абад облустук сотунун коллегиясы биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Соттун чечими даттанууга жатпай тургандыгы белгиленип, өкүм күчүнө киргизилген. Кудрет 2016-жылдын 13-сентябрында Бишкек—Ош жолунун 377-чакырымында орун алган жол кырсык боюнча айыпталган. Анда «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынан Бишкек шаарына бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, айдоочу рулга ээ боло албай калган. Уландысы стористе
Ош шаарында мектеп окуучулары жол тандабастар менен эс алууга чыкканы үчүн Курманжан датка орто мектебинин директору иштен алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ушул жылдын 11-майында Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы Курманжан датка орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Сулайман-Тоого жол тандабастар менен барышкан. Аларды Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан.

Уландысы стористе
Ош шаарында мектеп окуучулары жол тандабастар менен эс алууга чыкканы үчүн Курманжан датка орто мектебинин директору иштен алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ушул жылдын 11-майында Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы Курманжан датка орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Сулайман-Тоого жол тандабастар менен барышкан. Аларды Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан. Уландысы стористе
Баракелде -  Борборубуз Фрунзе жана Бишкек болуп турганда дагы жарандардын кубанычы, ийгиликтер, турмуштагы жетишкендиктери, айрымдардын алгачкы кадамы, ошол эле учурда кайгы-капасына жана сүйүүсүнө күбө болуп келет. Ар бир жарандын жүрөгүндө Бишкек өзгөчө орундуу ээлегени да талаш эмес.

Балким, Бишкектин кайсы бир аянты, кайсы бир имарат маанилүү учурду эске салып турат... Жаштардын №1 Limon.KG басылмасы Кыргызстандын борбору 1941-жылдан бери кандай өзгөргөнүн көрсөткөн сүрөттөрдү топтогон.

Сүрөттөр стористе
Баракелде -  Борборубуз Фрунзе жана Бишкек болуп турганда дагы жарандардын кубанычы, ийгиликтер, турмуштагы жетишкендиктери, айрымдардын алгачкы кадамы, ошол эле учурда кайгы-капасына жана сүйүүсүнө күбө болуп келет. Ар бир жарандын жүрөгүндө Бишкек өзгөчө орундуу ээлегени да талаш эмес. Балким, Бишкектин кайсы бир аянты, кайсы бир имарат маанилүү учурду эске салып турат... Жаштардын №1 Limon.KG басылмасы Кыргызстандын борбору 1941-жылдан бери кандай өзгөргөнүн көрсөткөн сүрөттөрдү топтогон. Сүрөттөр стористе
Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын 60 жаштагы тургуну Тансык Көчкөнбаева 40 жылдан бери гүлдөрдүн түрүн өстүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Тансык апанын үйүндө гүлдүн 30дан ашык түрү өсөт. Алардын арасында 1 метрден 3 метр бийиктикке чейин өскөн гүлдөр бар. «Окуучулук кезимден эле гүл өстүрүп келем. Гүлдү жакшы көргөндүктөн алыс жерлерге конокко бара албайм. Анткени үйдө "гүлдөр эмне болду экен..." деп тынчсыздана берем. Кайда барбайын ошол жерде өскөн гүлдөрдү карайм. Эгер мен барган үйдө гүл жок болсо, тынч отура албайм.

Уландысы стористе
Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын 60 жаштагы тургуну Тансык Көчкөнбаева 40 жылдан бери гүлдөрдүн түрүн өстүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты. Тансык апанын үйүндө гүлдүн 30дан ашык түрү өсөт. Алардын арасында 1 метрден 3 метр бийиктикке чейин өскөн гүлдөр бар. «Окуучулук кезимден эле гүл өстүрүп келем. Гүлдү жакшы көргөндүктөн алыс жерлерге конокко бара албайм. Анткени үйдө "гүлдөр эмне болду экен..." деп тынчсыздана берем. Кайда барбайын ошол жерде өскөн гүлдөрдү карайм. Эгер мен барган үйдө гүл жок болсо, тынч отура албайм. Уландысы стористе
Баракелде -  Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин мүлкү жана байлыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Декларация боюнча, жаңы президент өткөн жылы 9,7 млн гривен (болжол менен 370 миң доллар) киреше тапкан.

Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик жарыялаган маалыматта өлкө башчы ошондой эле турак үйлөргө, батирлерге жана мейманканаларга ээлик кылары көрсөтүлгөн. Зеленский былтыр кирешенин көбүн — 4,2 млн гривенди (болжол менен 160 миң доллар) «Квартал 95» студиясы аркылуу тапкан.

Уландысы стористе
Баракелде -  Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин мүлкү жана байлыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Декларация боюнча, жаңы президент өткөн жылы 9,7 млн гривен (болжол менен 370 миң доллар) киреше тапкан. Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттик жарыялаган маалыматта өлкө башчы ошондой эле турак үйлөргө, батирлерге жана мейманканаларга ээлик кылары көрсөтүлгөн. Зеленский былтыр кирешенин көбүн — 4,2 млн гривенди (болжол менен 160 миң доллар) «Квартал 95» студиясы аркылуу тапкан. Уландысы стористе
Бүгүн, 22-майда Баткен районунун Кара-Бак айылындагы кыргыз-тажик чек арасында адамдар топтолуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда тажик чек арачылары Кыргызстан колдонуп келген көрүстөндү коруп, кыргыз жарандарын киргизбей жатышат. Андыктан Кара-Бак айылынын ондогон тургундары аларга нараазычылыгын билдирип чек арада турушат. «Бул бүтпөгөн чыр болду. 3-4 ай мурда эле ушул көрүнүш болгон. Чек арачылар келип, эки тарап сүйлөшөт, чечилди дейт. Бирок абал кайра кайталанат. Эмне үчүн өзүбүздүн көрүстөнгө кирип, ата-энелерибизге дуба кыла албайбыз? Эмнеге тажиктер биздин жерди ээлеп жатышат? Биздин бийлик кайда? Оозеки алмашкан 90 сотых кыргыздын жери менен булардын 45 сотых жери Кыргызстанга иштеген жок. Эки жерге тең тажиктер ээ болуп жатышат», - деди Кара-Бак айылынын тургуну Жолдошбай Атамалиев.

Уландысы стористе
Бүгүн, 22-майда Баткен районунун Кара-Бак айылындагы кыргыз-тажик чек арасында адамдар топтолуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады. Жергиликтүү тургундардын айтымында, учурда тажик чек арачылары Кыргызстан колдонуп келген көрүстөндү коруп, кыргыз жарандарын киргизбей жатышат. Андыктан Кара-Бак айылынын ондогон тургундары аларга нараазычылыгын билдирип чек арада турушат. «Бул бүтпөгөн чыр болду. 3-4 ай мурда эле ушул көрүнүш болгон. Чек арачылар келип, эки тарап сүйлөшөт, чечилди дейт. Бирок абал кайра кайталанат. Эмне үчүн өзүбүздүн көрүстөнгө кирип, ата-энелерибизге дуба кыла албайбыз? Эмнеге тажиктер биздин жерди ээлеп жатышат? Биздин бийлик кайда? Оозеки алмашкан 90 сотых кыргыздын жери менен булардын 45 сотых жери Кыргызстанга иштеген жок. Эки жерге тең тажиктер ээ болуп жатышат», - деди Кара-Бак айылынын тургуну Жолдошбай Атамалиев. Уландысы стористе
34 жаштагы Хапиза Хамидова 10 жылдан бери Ош шаардык куткаруу кызматында куткаруучу-фельдшер болуп эмгектенет. Ал аймактык кабарчы менен жумушундагы күлкүлүү жана жүрөк өйүткөн окуялары менен бөлүштү.

Хапиза айым алгач И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп, кардиохирург болгусу келген. Бирок шартка байланыштуу медициналык окуу жайда билим алган. Аталган окуу жайды бүтүргөн соң жогорку окуу жайында биология факультетин кызыл диплом менен аяктаган. Анын айтымында, атасы ооруп калганда аны медициналык академияда окута албай калганына өкүнгөн. «Үй-бүлөдө бир туугандарым да, жолдошум да аскер кызматкерлери болгондуктан 5 жыл өз кесибим боюнча иштеп, андан соң куткаруучу кызматына келдим. Алгач физикалык жактан машыгып, ар кандай кырдаалдан чыгуу боюнча даярдыктан өтсөк, кийин кесиптештерим башынан өткөргөн окуяларын айтып беришип, психологиялык жактан даярдашты. "Адамдын денеси жол кырсыгынан жанчылып калат, кээде өмүрүн сактай албай каласың, андай учурларда өзүңдү жоготпо, шашпай, өз милдетиңди так аткар" деп кеңештерин беришкен.

Уландысы стористе
34 жаштагы Хапиза Хамидова 10 жылдан бери Ош шаардык куткаруу кызматында куткаруучу-фельдшер болуп эмгектенет. Ал аймактык кабарчы менен жумушундагы күлкүлүү жана жүрөк өйүткөн окуялары менен бөлүштү. Хапиза айым алгач И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп, кардиохирург болгусу келген. Бирок шартка байланыштуу медициналык окуу жайда билим алган. Аталган окуу жайды бүтүргөн соң жогорку окуу жайында биология факультетин кызыл диплом менен аяктаган. Анын айтымында, атасы ооруп калганда аны медициналык академияда окута албай калганына өкүнгөн. «Үй-бүлөдө бир туугандарым да, жолдошум да аскер кызматкерлери болгондуктан 5 жыл өз кесибим боюнча иштеп, андан соң куткаруучу кызматына келдим. Алгач физикалык жактан машыгып, ар кандай кырдаалдан чыгуу боюнча даярдыктан өтсөк, кийин кесиптештерим башынан өткөргөн окуяларын айтып беришип, психологиялык жактан даярдашты. "Адамдын денеси жол кырсыгынан жанчылып калат, кээде өмүрүн сактай албай каласың, андай учурларда өзүңдү жоготпо, шашпай, өз милдетиңди так аткар" деп кеңештерин беришкен. Уландысы стористе
Баракелде -  Кечээ, 20-майда Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти. Ал эми жубайы Елена өлкө тарыхындагы эң жаш биринчи айым болду.

Владимир Зеленский менен жубайы бир шаарда төрөлүп, бир мектепте окушкан, бирок алар жогорку окуу жайда таанышышкан. Елена техникалык университетте билим алса, Владимир экономикалык институтта окуган. Зеленский жубайынын жүрөгүн багындыруу үчүн көп аракет жумшаган. Ал эми Еленанын айтымында, Владимирдин абийирдүүлүгүн жана акылдуулугун баалап, аны менен мамиле курган. Түгөйлөр 8 жыл сүйлөшүп, 2003-жылы баш кошушкан. 
Уландысы жана сүрөттөр стористе
Баракелде -  Кечээ, 20-майда Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский ант берип, расмий түрдө президенттик кызматына киришти. Ал эми жубайы Елена өлкө тарыхындагы эң жаш биринчи айым болду. Владимир Зеленский менен жубайы бир шаарда төрөлүп, бир мектепте окушкан, бирок алар жогорку окуу жайда таанышышкан. Елена техникалык университетте билим алса, Владимир экономикалык институтта окуган. Зеленский жубайынын жүрөгүн багындыруу үчүн көп аракет жумшаган. Ал эми Еленанын айтымында, Владимирдин абийирдүүлүгүн жана акылдуулугун баалап, аны менен мамиле курган. Түгөйлөр 8 жыл сүйлөшүп, 2003-жылы баш кошушкан. Уландысы жана сүрөттөр стористе
Баракелде -  Рахманкул хандын жетекчилиги менен Ооганстандын Памиринен Түркияга бет алып, Улуу Памир айылын негиздеген этникалык кыргыздардын жашоосу көпчүлүктү кызыктырат. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын, тилин, динин, маданиятын, каада-салтын бөтөн жерде сактап, муундан-муунга өткөрүп берүү оңой иш эмес. «Баракелде» басылмасы Түркиянын Стамбул шаарында эмгектенип жүрүп, кыргыз маданиятын жандантуу үчүн кирешелүү жумушун таштап, кичи мекенинде «Ата Журт» этнокомплексин негиздеген Кенан Айтач тууралуу баяндайбыз.

Кенан мырза Ван көлүнүн жээгинде боз үй тигип, көчмөн маданиятын даңазалап келет. «Ван провинциясынын Мурадийе районунда 20 гектар жерге «Ата Журт» этнокомплексин негиздедим. Менин сунушумду колдоп берген Мурадийе районунун акими Харун Йүжелге ыраазычылык билдирем. Учурда 20 гектар жер аянтына жаа атуучу, ат минүүчү жайларды уюштурганбыз. 
Уландысы стористе
Баракелде -  Рахманкул хандын жетекчилиги менен Ооганстандын Памиринен Түркияга бет алып, Улуу Памир айылын негиздеген этникалык кыргыздардын жашоосу көпчүлүктү кызыктырат. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын, тилин, динин, маданиятын, каада-салтын бөтөн жерде сактап, муундан-муунга өткөрүп берүү оңой иш эмес. «Баракелде» басылмасы Түркиянын Стамбул шаарында эмгектенип жүрүп, кыргыз маданиятын жандантуу үчүн кирешелүү жумушун таштап, кичи мекенинде «Ата Журт» этнокомплексин негиздеген Кенан Айтач тууралуу баяндайбыз. Кенан мырза Ван көлүнүн жээгинде боз үй тигип, көчмөн маданиятын даңазалап келет. «Ван провинциясынын Мурадийе районунда 20 гектар жерге «Ата Журт» этнокомплексин негиздедим. Менин сунушумду колдоп берген Мурадийе районунун акими Харун Йүжелге ыраазычылык билдирем. Учурда 20 гектар жер аянтына жаа атуучу, ат минүүчү жайларды уюштурганбыз. Уландысы стористе
2004-жылы өзүн жардырган жан кечтинин айынан 26 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Нурланбек Сайдыев көз жумган. Маркумдун атасы Жаныш Сайдиев 15 жыл мурун болгон каргашалуу окуяны аймактык кабарчыга айтып берди.

Нурланбек Сайдиев 1978-жылы 11-августта Кара- Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. 1997-жылы Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек индустриалдык колледжин, 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1997-1999 жылдары аскердик кызматын өтөп, эмгек жолун 1999-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүндө баштаган. Ошондой эле 2004-жылга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын атайын багыттагы отрядында эмгектенген. Ошол эле жылы отряддын взвод командири болуп дайындалган.

Каргашалуу окуя Нурланбек Сайдиевдин кызмат учурунда катталган. Атасы Жаныш Сайдиевдин айтымында, маркум оозунан аккан канды чала аарчып, окуя болгон жерден мерт кеткен. Ал жаш кезинен эле спортко кызыгып, эрежесиз эр уруш боюнча бир нече мелдештин жеңүүчүсү болгон. Атасы Нурланбектин эрктүү, күчтүү бала болгонун айтты. «2004-жылы 20-ноябрь күнү таңга маал бизге суук кабар келди. Уккандарыбызга ишенбей, моргго барып, жансыз денени көргөндөн кийин гана ишендик. Андай көргүлүктү эч ким көрбөсүн. Балам ошондо 26 жашта болчу. Баткен окуясына катышып, террорчулардын огунан аман кайтып келген. Кесиптешинин айтымында, окуя болгон күнү алар түнкү рейдде чогуу турушкан.

Уландысы стористе
2004-жылы өзүн жардырган жан кечтинин айынан 26 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Нурланбек Сайдыев көз жумган. Маркумдун атасы Жаныш Сайдиев 15 жыл мурун болгон каргашалуу окуяны аймактык кабарчыга айтып берди. Нурланбек Сайдиев 1978-жылы 11-августта Кара- Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. 1997-жылы Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек индустриалдык колледжин, 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1997-1999 жылдары аскердик кызматын өтөп, эмгек жолун 1999-жылы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүндө баштаган. Ошондой эле 2004-жылга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын атайын багыттагы отрядында эмгектенген. Ошол эле жылы отряддын взвод командири болуп дайындалган. Каргашалуу окуя Нурланбек Сайдиевдин кызмат учурунда катталган. Атасы Жаныш Сайдиевдин айтымында, маркум оозунан аккан канды чала аарчып, окуя болгон жерден мерт кеткен. Ал жаш кезинен эле спортко кызыгып, эрежесиз эр уруш боюнча бир нече мелдештин жеңүүчүсү болгон. Атасы Нурланбектин эрктүү, күчтүү бала болгонун айтты. «2004-жылы 20-ноябрь күнү таңга маал бизге суук кабар келди. Уккандарыбызга ишенбей, моргго барып, жансыз денени көргөндөн кийин гана ишендик. Андай көргүлүктү эч ким көрбөсүн. Балам ошондо 26 жашта болчу. Баткен окуясына катышып, террорчулардын огунан аман кайтып келген. Кесиптешинин айтымында, окуя болгон күнү алар түнкү рейдде чогуу турушкан. Уландысы стористе
Токмок шаарына караштуу Мээнеткеч айылынын 25 жаштагы тургуну Аида Жолдошбекова баласынын оорусу менен жалгыз күрөшүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, баласынын оорусу тууралуу 2018-жылдын 28-декабрында билишкен. «Онкологиялык ооруканадан балама 3-баскычтагы рак, залалдуу шишик деген диагноз коюшту. 6 курс химия терапиядан өттүк. Дарыгерлер операция жасала турганын айтышты. Азыр шишик өтө чоң болгондуктан аны кичирейтүү үчүн дарылап жатышат. Эми томографиядан жана УЗИ аппаратынан өтөбүз. Андан кийин операция кылышат. Бул жакта шарт жок болгондуктан Түркия же Россиядан жасаталы деп сүйлөшсөк, Россиядагы ооруканада 30 миң доллар, Түркиядагы дарыгерлер 50 миң доллар экенин айтышты. Бизде андай акча жок болгондуктан барбай калдык», - деди ал.

Анын айтымында, бир ай мурун жолдошу каза болгон.

Уландысы стористе
Токмок шаарына караштуу Мээнеткеч айылынын 25 жаштагы тургуну Аида Жолдошбекова баласынын оорусу менен жалгыз күрөшүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты. Өзүнүн айтымында, баласынын оорусу тууралуу 2018-жылдын 28-декабрында билишкен. «Онкологиялык ооруканадан балама 3-баскычтагы рак, залалдуу шишик деген диагноз коюшту. 6 курс химия терапиядан өттүк. Дарыгерлер операция жасала турганын айтышты. Азыр шишик өтө чоң болгондуктан аны кичирейтүү үчүн дарылап жатышат. Эми томографиядан жана УЗИ аппаратынан өтөбүз. Андан кийин операция кылышат. Бул жакта шарт жок болгондуктан Түркия же Россиядан жасаталы деп сүйлөшсөк, Россиядагы ооруканада 30 миң доллар, Түркиядагы дарыгерлер 50 миң доллар экенин айтышты. Бизде андай акча жок болгондуктан барбай калдык», - деди ал. Анын айтымында, бир ай мурун жолдошу каза болгон. Уландысы стористе
Баракелде -  Бүгүн, 20-майда Украинанын Конституциялык соту Владимир Зеленский президенттик кызматына киришкенин жарыялады. Жаңы президент ант берип, инаугурацияга 50дөн ашык чет элдик делегация катышканын gazeta.ua жазды.

Ант берүү аземине барган Американын делегациясынын курамында энергетика министри баштаган чиновниктер бар. Ошондой эле иш-чарага Германиянын экс-президенти, Польшанын тышкы иштер министри, Канаданын коргоо министри, Латвия, Литва, Эстония, Грузия жана Венгриянын президенттери, Түркиянын вице-президенти, Молдованын премьер-министри, Белоруссия, Румыния, Словакия жана Болгариянын вице-премьерлери, Чехиянын Сенатынын төрагасы, Азербайжандын парламентинин башчысы, Казакстандын Парламент сенатынын төрайымынын орун басары жана башкалар күбө болду.

Уландысы, видео стористе
Баракелде -  Бүгүн, 20-майда Украинанын Конституциялык соту Владимир Зеленский президенттик кызматына киришкенин жарыялады. Жаңы президент ант берип, инаугурацияга 50дөн ашык чет элдик делегация катышканын gazeta.ua жазды. Ант берүү аземине барган Американын делегациясынын курамында энергетика министри баштаган чиновниктер бар. Ошондой эле иш-чарага Германиянын экс-президенти, Польшанын тышкы иштер министри, Канаданын коргоо министри, Латвия, Литва, Эстония, Грузия жана Венгриянын президенттери, Түркиянын вице-президенти, Молдованын премьер-министри, Белоруссия, Румыния, Словакия жана Болгариянын вице-премьерлери, Чехиянын Сенатынын төрагасы, Азербайжандын парламентинин башчысы, Казакстандын Парламент сенатынын төрайымынын орун басары жана башкалар күбө болду. Уландысы, видео стористе